www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү.
Жыйынга Төраганын орун басарлары Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза да катышты.
Алгач Төрага жаңы дайындалган Аппараттын жетекчилерине Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын ишин жаңы багытта, жаңы шартта жүргүзүү талабын коюп: “Парламенттин иши Аппараттын кызматына түздөн-түз көз каранды. Андыктан, ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин так аткарышы керек”,– деди.
Ошондой эле тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук ийленип, иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт”, – деди.