www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев КМШ ПААнын Санкт-Петербург шаарындагы иш-чараларына катышуунун алкагында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга депутат Акылбек Түмөнбаев жетектеген «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү да катышты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан бардык багыттар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү, анын ичинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп: «Терең тарыхый байланыштарга, маданий, салттык окшоштуктарга жана орток руханий баалуулуктарга негизделген Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди мындан ары да чыңдоо биз үчүн өзгөчө мааниге ээ», – деди.

Муну менен катар Төрага эки мамлекет ортосундагы саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын айтып, буга эң жогорку деңгээлдеги байланыштар олуттуу түрткү берип жатканын кошумчалады.

Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө да кеп кылган Марлен Маматалиев 2025-жылдын декабрь айында Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйыны ийгиликтүү өткөнүн эске салып, анын жүрүшүндө өз ара пайдалуу диалогду мындан ары өнүктүрүүгө умтулуу ырасталганын билдирди.

«Мыйзам чыгаруу органы катары биз тоо-кен тармагына, энергетикага, «жашыл экономикага», гидроэнергетикага, медицинага жана айыл чарбасына инвестицияларды колдоого жана дем берүүгө даярбыз», – деди.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ишин жандандыруу жана депутаттардын өз ара сапарларын уюштуруу аркылуу парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин айтты.

Төрага ошондой эле эл аралык аянтчалардагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзүнчө токтолуп: «Кыргызстан менен Азербайжан ТүркПАнын алкагындагы алакаларда да салтка айланган активдүүлүгүн көрсөтүп, парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө тажрыйба алмашууга жана түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган демилгелерди колдоп келет. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанда ТүркПАнын 15-жыйыны өтөт жана бул иш-чарага азербайжан тараптын активдүү катышуусуна ишенебиз», – деп кошумчалады Төрага.

Ошону менен бирге Төрага Марлен Маматалиев азербайжандык спортчуларды 2026-жылдын сентябрь айына пландаштырылган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова  эки өлкө башчылары жүргүзүп жаткан ырааттуу жана тең салмактуу саясатка, жетишилген макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашырылышына негизделген кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жогорку ишенимдүү деңгээлин баса белгилеп: «Азербайжан жана кыргыз элдерин терең тарыхый жана маданий байланыштар, дин, окшош тил жана үй-бүлөлүк баалуулуктар жакындатып турат», – деди.

Сагиба Гафарова ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолуп, бул багыттагы оң динамиканы ырастады. «Биздин мамлекеттер соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү үчүн чоң потенциалга ээ. Айрыкча Азербайжан менен Кыргызстандын  бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы байланыштарды активдештирүү аркылуу бул жааттагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар», – деген Милли Межлистин Төрайымы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселесин да ортого салды.

Муну менен катар Сагиба Гафарова Марлен Маматалиев тарабынан Кыргызстандын парламентинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берип, бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова Төрага Марлен Маматалиевди расмий сапар менен Азербайжанга келип кетүүгө чакырып, сапар мазмундуу практикалык багытта өтүп, жемиштүү жыйынтыктарды берерине ишеним билдирди. Буга Марлен Маматалиев сунушту колдоорун билдирип, өз ара сапарларды байма-бай уюштуруу эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн жүйө келтирди.

Последние новости