www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ха Таёкту кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу пикир алмашты.
Төрага Дастанбек Жумабеков саясий байланыш жана парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, бул экономика, маданият, билим берүү, миграция, спорт жана башка жааттардагы алакаларды арттырууга өбөлгө болорун билдирди.
Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш менен Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясы ортосундагы байланыштардын ырааттуу өнүгүп жатканына токтолуп, элчиден Корея парламентинин Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун өтүндү.
Ал эми экономикалык байланыштар тууралуу да сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 100 млн АКШ долларына чейин көтөрүү (2018-жылдын 10 айына карата эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23,4 млн. АКШ долларын түзгөн) жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын билдирди. Андан тышкары ал Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө кореялык капиталды тартуу маанилүү экенин белгилеп: “Түштүк Корея дүйнөдөгү ири экономикалык жана көптөгөн өндүрүштүк-технологиялык мүмкүнчүлүккө ээ. Биз кореялык алдыңкы компанияларды Кыргызстанда иштөөгө чакырабыз”, – деп кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Кореянын мамлекеттер аралык мамилесин мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолушту.
Булак: NazarNews.kg