www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “кыйратып жатат, жаны тынбай укмуш иштеп жатат, чарбачыл экен, эмгекчилик тура, ой-бай, оо-уу” деген одалар учурда, тескерисинче шектүү көрүнүп калды. 
Буга Токторбаев Ош шаарын белчесинен карызга батырганы себеп болду десек жарашат. Ыдырыс Исаков 12 миллиард карызга кылганын айтты эле, Токторбаев өзү “Азаттыкка” 2 миллиард 300 миллионго чукул карыз болгонун билдирди. 

Бирок “Ош суу канал” мамлекетик ишканасын, “Ош унаа бекети” мамлекеттик ишканасын күрөөгө коюп, 2 миллиард сом насыя алып жибергенин кантип түшүнөбүз?..
Анан дагы бир кызык жагдайдын башы ачылды. Экс-мэр Токторбаев Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин иниси, ишкер Семетей Козуевге Ош мэриясы карыз экенин билдирди. 

Демек, бул байланышты дагы тиешелүү укук коргоо органдары иликтесе “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” болушу толук ыктымал. 

Дегенибиз, кандай эле Козуевдер Оштогу майлуу-сүттү тендерди утуп, “күптүү” болушпайт. Кылгырып жүрөктөрү да айланбайт экен.

Последние новости