www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулда Садыр Хандын эстелиги ачылды

XVIII кылымдагы көрүнүктүү кыргыз лидери Садыр Хандын (Садыр Арзымат уулу) эстелиги Токтогул шаарында ачылды. Эстеликтин ачылышы Министрлер кабинетинин чечими менен быйыл белгиленип жаткан Садыр Хандын 310 жылдык мааракесин утурлай уюштурулуп, тарыхый мурасын урматтоого арналды.

Тарыхчылар Садыр Арзымат уулунун Кетмен-Төбөдөн Таласка көчкөн саяк элинин кыймылында маанилүү рол ойногонун, ошондой эле 18-кылымда кыргыз жерлерин чыңдоого жана уруулук биримдикти сактоого салым кошконун белгилешет. Ал Эсенгул Болот уулунун демилгелерин колдоп, элдин биримдигин бекемдөөгө жана башкаруу иштеринде активдүү катышкан.

Мааракенин ачылышы жергиликтүү тургундар жана тарыхчы адистер үчүн чоң мааниге ээ болду. Садыр Хандын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу анын кыргыз тарыхындагы ролун тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Ал эми Садыр хандын урматына арналган иш-чаралар жыл бою улантылмакчы, анын ичинде тарыхый лекциялар, көргөзмөлөр жана маданий программалар уюштурулмакчы.

Последние новости