www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип Т.Т., Б.К. жана С.Б. аттуу жарандар кармалды.

Аталган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

“Кара-Куурай” операциясынын жүрүшүндө шектүүлөрдөн болжол менен 1 кг 200 грамм гашишке окшош зат, 118 кг 200 грамм марихуанага окшош зат, ок-дарылар, ошондой эле үч даана ок атуучу курал жана бир нече уюлдук телефондор алынып, тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлдү.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр Т.Т., Б.К. жана С.Б.га карата, Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катары эки ай мөөнөткө камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Последние новости