www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева менен КсДпны экинчи ирет каттогоо алган Юстиция министрлигинин аракети жана Сагынбек Абрахманов тууралуу сүйлөштүк.

-Токтайым эже, Юстиция министрлиги жакшынакай эле иштеп, тазаланып, күчтөнө баштаган КСДП партиясын экинчи ирет каттап, Сагынбек Абрахмановду партиянын лидери кылыптыр. Алардын партияны тартып аракети мыйзамдын алкагында эле болдубу же аша чаап кетиштиби?

- Ачыгын айтыш керек. Бул жерде мыйзам одоно бузулду. Бийлик мындайга жол бербеши керек болчу. Анткени, мындай саясаттын арты жакшылыкка алып барбайт. Юстиция министрлиги партияны жөн эле каттап койбой, тиешелүү иштерди жасашы керек болчу. Булар эч нерсени карабай эле каттап койгону кызык болду. Айтайын дегеним, эгер маанилүү делген документтер уурдалса гана биринчисин жокко чыгарып, экинчи жолу каттоого алынат. Бул жерде КСДП документин жоготуп алмак тургай, күпүлдөп эле иштеп жатат го. Юстиция министрлиги КСДПны экинчи ирет каттаарда документтин анык экенин далилдеген натариустан бекитилген документердин копиясына  таянышы керек болчу.

Ошондой эле Атамбаев баштаган КСДПнын офисине канча киши мүчө болуп жатканын, партиянын мүчөлөрүн аныктаган мониторинг жасап, канча киши бар, саясий кеңештин курамында кимдер, партиянын негиздөөчүсү кимдер экенине маани бериши керек эле. Канчасы партиялык биллетери менен Сагынбековго өттү канчасы Атамбаев менен калды.Саясий кеңештин негизги бөлүгү Атамбаев тарапта калганын жана КСДПнын негиздөөчүсү, демилгечилери ким экенин эске алышы керек эле. Негизи мындай маселеге кылдаттык менен мамиле кылып, юстиция министрлиги экинчи ирет каттап жиберерден мурун мына ушундай маселелерге кылдаттык менен мамиле кылышы зарыл болчу.

Арыз  берери менен эртеси эле каттаганы да күмөн туудурат. Жана да окшош аттарды каттаганга акысы жок. КСДП плюс же дагы бир нерсе кошулуш керек. Юстиция министрлиги каттап, Сагынбек Абдрахманов партияны тартып алдым дегени менен ага КСДПны Атамбаев оңой-олтоң эле берип койбойт. Булар да өз чындыгын  айтып, мыйзамдын одоно бузулганын далилдеп, партияны тарттырып жибербей калуунун аракетин көрөт. Менимче, бул жагдай сот процесстери  менен коштолот. Ал тургай мындай жагдайлардын түбү бийликке чоң сокку жаратышы да мүмкүн.

-Баса, Сагынбек Абдрахманов КСДПга тиешелүү мүлктөр, банктагы эсептер, ал тургай устав, мөөрдү Атамбаев  мага өткөрүп бериши керек. Эгер айтканымды аткарбаса, күч органдарына кайрылам деген билдирүү жасап  жатат го?

-Эгер күч органдары бул жерден мыйзамды тебелеп, Атамбаевдин партиясын тартып алууга кол-кабыш кылса, анда бийлик саясий рейдерликке жол ачып бергенге барабар иш кылышты. Мындай ишинин түбү мамлекет үчүн, мамлекеттин коопсуздугу үчүн тескери таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.  Анткени, кырдаал курчуп бараткан маалда, бул жагдай ого бетер отко мая чачкандай эле иш болуп калышы ыктымал.

Ошон үчүн партияны тартып алуудан мурун, акыл калчап иш кылып, диалог уюштурушса, маселени тынчтык жолу менен эле чечкенге аракет кылышса болмок.

Жогору жактагылар бирөөнүн партиясын тартып албай эле партия керек  болсо, башка партияны деле сатып алып, иштете беришсе болмок. Ошондой эле апрелдин желегин жамынып алып Атамбаевден жамандык көргөн жок.Чүй облусунун Губернатору болуп ишти алып кете алган жок, КЫРГЫЗ АЛТЫНГА АЛЫП КЕЛДИ АНЫ АЛЫП КЕТКЕН ЖОК. Жанында 7- апрелде эрчип келген инилерин Абдрахманов Эдилди жана абакта өлтүрүлгөн Кенжегулов Бакытты анын ушул кезге дери абакта жаткан анын инисине деле өз ордун жоготуп коем деп жардам бербей койгон. Ошол балдар Ош коогаланында бир эмес эки снайперди кармап биздин байкебиз деп төшүн тосуп коргоп жүргөн.

-Атамбаевдин партиясын тартып алуу аракети аны алсыздандыруу, саясаттан четтетүү аракети эмеспи?

-Алар Атамбаевди так ушундай жол менен жок кылабыз, чүнчүтөбүз деп ойлоп жатышат. Чынында бийлик басмырлап, асылган сайын анын зоболосу көтөрүлөт. Эл Атамбаев тарапка ыктайт. Бул далилден турмуш практикасы. Анткени, адамдар табиятынан тепкиде калган адамдарга жан тартат. Ошон үчүн саясий куугунтукка кабылган адамдардын аброю көтөрүлүп жатат. Кыскасы, Атамбаевди камайбыз, сындырабыз дешкени менен анын аброю ал кысымга кабылган сайын Садыр Жапаровдой Текебаевдикиндей болуп, жогорулап  кете берет.

-Айрым саясатчылар КСДПны тартып алууга бийлик кызыкдар эмес дешет. Андай болсо, неге Юстиция министрлиги иштеп турган партияны мыйзам бузуу менен экинчи ирет каттоого жол берди?

-Эгер бул иштин артында бийлик турбаса, Менюстун жетекчилиги башын балта менен чабууга тосуп бербейт болчу. Мыйзам жол бербесин айтмак. Бул жагдай макул болсо, башкесердин да башын алат деген абалга жакындашып бараткандай. Ай айлап каралбай жаткан документерди эмне карашпайт, көз ирмегенче чуркашканы чоң шек жаратат.

-Сооронбай Жээнбов менен БабАновдун оюнунда негизги оюнчу Кремилби?

-Кремилге Кыргзтандагы ызы-чуусу эмес, тынчтыгы керек деп ойлойм. Башкача айтканда кремилге Орто-Азыядагы тынчтык маанилүү. Анткени, Казакстан менен Өзбекстан жана Кыргызстанда, таджикистанда  шайлоого жакын калды. Кырдаалды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпесин деген кооптуу күндөр алар учун да жакын калды. Мындай учурда жумурткадан кыр чыгаруунун өзү кооптуу болот. Бабановду болсо атайын озуно каршы болгон күчтөр жыландай болуп ичие кирип алдап кетишти. Аскар Акаевди да эки жолу бир туугандары каза болгондо ошентип өз туугандары болгон бийликтин башында турган баш болгон Оторбаев менен Каныбек Иманалиев аэропортон алдап артка кайтарышкан. Ошол эле Барктабасов коркпой үркпөй тобокелдикке салып артымда элим бар деп кирип келди ысык көл туруп берди. Ошентип күтүп жаткан элдин канатын кыркпай  келе бериш керек болчу.

Чынайым Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости