www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Токмок шаарына караштуу Дача-Суу айылында жашаган келиндин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатканы тууралуу маалымат тарады. Билдирүүгө ылайык, төрт баланын энеси болгон келин көп жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна дуушар болуп келет.
Келиндин туугандары анын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып, укук коргоо органдарынан жардам сурашууда. Алардын айтымында, келиндин күйөөсү жакындарын коркутуп, аялын алып кетүүгө аракет кылгандарды жолотпой жатат.
Ошондой эле туугандары келиндин психикалык абалына байланыштуу тынчсыздануулар бар экенин билдиришкен. Алар милициядан жана тиешелүү мамлекеттик органдардан бул жагдайга көңүл буруп, алдын алуу чараларын көрүүнү өтүнүшүүдө.
Маалыматта белгиленгендей, учурда окуя боюнча расмий органдардын комментарийи бериле элек. Туугандарынын айтымында, алар маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн адвокат издеп жатышат.
Окуя боюнча Ички иштер органдарынын расмий маалыматы чыккан учурда кошумча маалымат берилет.