www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-19-ноябрь күндөрү Токмок шаарынын аймагында ШИИБдин кызматкерлери «Тилемчилик» аталышындагы рейдди жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - тилемчилик фактыларын аныктоо жана алдын алуу, тилемчилик менен алектенген жарандардын өздүгүн тактоо, коомдук тартиптин бузулушунун жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
"Рейддин алкагында жертөлөлөр, жер алдындагы өтмөктөр, базарлар, авто¬бекеттер жана адамдар көп чогулуучу башка жайлар текшерилди. Ошондой эле коңшу мамлекеттерден келип, тилемчилик менен алектенген жарандар жана жашы жете элек балдар аныкталды. Өзгөчө көңүл балдардын ата-энелери же туугандары тарабынан тилемчиликке мажбурлануу учурларына бурулду", - деп айтылат маалыматта.
Тилемчилик менен алектенген жарандарга түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Рейд милиция кызматкерлери тарабынан социалдык кызматкерлер жана билим берүү тармагынын балдарды коргоо кызматынын адистери менен биргеликте өткөрүлдү.