www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоңдогу жол кырсыгында үч бала каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жол кырсыгынан үч жашы жете элек бала каза болду.

Каргашалуу кырсык 19-июль күнү саат 13:50 чамасында Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортосунда катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Hyundai Palisade жана Chevrolet үлгүсүндөгү унаалар каршы тилкеге чыгып кетип, чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Honda Stream, Chevrolet Spark жана Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаалар менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2026-жылы, 2022-жылы жана 2010-жылы туулган үч бала каза болгон.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери жана бардык жагдайлары такталууда.

Айдоочу 48 саатка камакка алынып, окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, кырсыктан каза болгондордун үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Последние новости