www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда каракчылыкка шектүү кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Жайыл РИИБине 1954-жылы туулган С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз славян улутундагы эркек адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2026-жылдын 20-февралына караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында белгисиз адам терезени сындырып, Кара-Балта шаарындагы үйүнө мыйзамсыз кирип барып, коркутуу жолу менен акча талап кылган жана ага дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталган - 1994-жылы туулган Н.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости