www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куреновго) байланыштуу кылмыш ишин жаңы судья Уланбек Туманбаев карай баштады. Бул тууралуу активисттин атасы Кудайберген Куренов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ишти карап жаткан судья Болотбек Абдуллаевдин каза болгондугуна байланыштуу сот курамы өзгөргөн.

Бүгүнкү сот отурумунун алдында Тилекмат Кудайберген уулу журналисттерге ага коюлган айыптарды моюнуна албасын билдирди. Сот жаңы курам иштин материалдары менен таанышып чыкканын маалымдап, айыптоо актысын кайрадан жарыялады. Кийинки сот отуруму 7-августка белгиленди.

Эске салсак, Тилекмат Кудайберген уулу 2025-жылдын апрель айында Бириккен Араб Эмираттарында кармалган. Кийин ал Кыргызстанга экстрадицияланган.

УКМКнын маалыматына ылайык, активист өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы багытталган бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Буга чейин, 2024-жылдын январь айында, кыргыз бийлиги аны сыртынан мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыптап, эл аралык издөөгө жарыялаган.

Последние новости