www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүздөгөн жаштын тагдыры таразага түштү. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуган 800дөн ашуун студент дипломсуз калуу коркунучуна кептелди. Төрт-беш жыл бою контракт төлөп, окуу жайдын аудиторияларында билим алган жаштар бүгүн өздөрүнүн эмес, башкалардын шалаакылыгынын жана жоопкерчиликсиз чечимдеринин курмандыгына айланып турушат.
Эң оор суроо – студенттерди мыйзамсыз кабыл алышкан болсо, эмне үчүн бул мыйзамсыздык беш жылдан кийин гана "эске түштү"?
Ата-энелердин айтымында, 2021-жылы ЖРТдан жетиштүү упай албаган же такыр тапшырбаган абитуриенттерге Орусиядагы университет аркылуу окууга өтүп, кийин Кыргызстандагы окуу жайга которулуу сунушталган. Бул схеманы ойлоп тапкан студенттер эмес. Документтерди кабыл алган да студенттер эмес. Аларга "баары мыйзамдуу" деп түшүндүргөн да университет өкүлдөрү болгон.
Эгер документтер мыйзам талаптарына жооп бербесе, эмне үчүн ошол учурда кабыл алынган? Эмне үчүн студенттерге беш жыл бою сабак өтүлүп, контракт акылары үзгүлтүксүз чогултулду? Эмне үчүн диплом ала турган учурда гана алардын документтери "жараксыз" болуп калды?
Бул суроолорго университет жетекчилиги так жана ынанымдуу жооп бере элек.
Ректор бул иш УКМКнын иликтөөсүндө экенин, Орусиядагы окуу жай студенттердин окуганын тастыктабай жатканын айтууда. Бирок бул жооп коомчулукту канааттандырбайт. Анткени студенттер окууга өз алдынча кирип алган эмес. Аларды университет кабыл алган, окуу процессине катыштырган, сынактарын алып, курстан-курска өткөрүп келген. Демек, жоопкерчилик да ошол мекемеде болушу керек.
Эгер кабыл алуудагы мыйзам бузууларга кызмат адамдарынын тиешеси болсо, анда жоопкерчилик эмне үчүн студенттердин мойнуна жүктөлүүдө? Беш жыл бою акча төлөгөн, билим алган жаштар эмне үчүн бүгүн дипломдук ишин жактоого мүмкүнчүлүк албай жатат?
Андан да кейиштүүсү – айрым студенттерге "өз каалооңор менен окуудан чыгып кеткиле" деген сунуштар айтылганы маалым болду. Бул маселени чечүүнүн жолу эмес, жоопкерчиликтен качуунун аракети десек жарашат.
"Менин беш жылдык өмүрүмдү ким кайтарып берет?" деген студенттин суроосу бүгүн жүздөгөн үй-бүлөнүн жүрөгүндөгү күйүттү чагылдырып турат. Чынында эле беш жылдык убакытты, төлөнгөн жүз миңдеген сомду, үзүлгөн үмүттү ким кайтарып берет?
Юристтер белгилегендей, мамлекеттик окуу жай студенттен контракт акысын алып келген соң билим берүү кызматын толук көрсөтүүгө жана анын жыйынтыгында тиешелүү диплом берүүгө милдеттүү. Эгер коррупциялык схема же кызматтык шалаакылык орун алган болсо, анда жоопкерчилик студенттерге эмес, ошол мыйзамсыз аракеттерди уюштурган жана көзөмөлдөбөгөн кызмат адамдарына жүктөлүшү зарыл.
Бул окуя Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы көзөмөлдүн алсыздыгын дагы бир жолу ашкереледи. Университет жетекчилиги "биз документтерди текшерүүгө милдеттүү эмеспиз" деген жүйө менен коомчулуктун ишенимин актай албайт. Мамлекеттик окуу жайдын эң башкы милдети – мыйзамдуу кабыл алуу жүргүзүү, билимдин сапатын камсыз кылуу жана бүтүрүүчүгө мыйзамдуу диплом берүү.
Эгер бүгүн 800дөн ашуун студенттин тагдыры ушинтип белгисиздикке ташталса, эртең мындай көрүнүш башка окуу жайларда кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?
Бул иште күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок ошол жоопкерчилик студенттердин келечегин талкалоо менен эмес, мыйзамсыз чечим кабыл алган кызмат адамдарынын жоопко тартылышы менен башталышы зарыл.
Анткени билим издеп келген жаштарды алдоо – жөн гана мыйзам бузуу эмес, бул мамлекеттин келечегине жасалган сокку.