www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев эки-үч күн мурун экономист Кубан Чороев экөө биргелешип «chatgpt» колдонуп жазган «Династия. Металл. Ат» деген китебинин бет ачарын кылды. 
Ошентип «физик саясатчы» тарых жазды. Болгондо дагы таштар, археологиялык эстеликтер, археология, археогенетика байланыштырып, жазма тарыхтын чегинен алда канча ары өтүп жасалма интелект менен илимий монографиялык тарых жазып таштады.

Жасалма интелект менен илимий стилде жазылган тарыхка Текебаев өзү канчалык ынанып жатты экен деген суроо туулат? Ырасында, тарых  жасалма интелект менен жазылбайт. Тарых архивдик ж.б. булактарга таянып жазылат.

Китептин бет ачарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси, үзөңгүлөшү Садык Шер-Нияз: «Иш чарага келген ушунча саясатчылар Өмүрбек Текебаевди ээрчип, ишендик. Эми тарых боюнча китеп жазса буга дагы ишенип отурабыз» - деп мыскылдуу какшыктаганы бекеринен эмес.

Ал эми дагы бир жакын санаалашы болуп жүргөн Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев: Өмүрбек Текебаев 3 китеп жазды. Биринчиси – Конституция. Ансысы эки жолу авария болду. Экинчиси – Убактылуу өкмөт боюнча жазылган “скучный” китеп. Үчүнчүсү – “Династия. Металл. Ат”. Илимий чөйрөгө ЖИ (жасалма интелект) менен кантип жазыштын классикалык үлгүсүн көрсөтө алды, - деген ачык да, кыйыр да түрдөгү сын-пикири көп нерсени айтып турат. 

Айтор, Текебаевдин жоругу, Германияга Кыргызстанга инвестиция тартып, өлкөнүн экономикасын кубаттандырууга, дипломатиялык байланышын чыңдоо эмес, жасалма интелект менен тарых жазууга баргандай таасир калтырды. 

Эми тарыхчылар Текебаевдин Жасалма интелект менен жазган тарыхына сын-пикирлерин айтып, баа бериши керек. Бааны дагы жасалма эмес, чындап илимий негизге таянып, аргумент келтирип далилдүү, ынанымдуу берүү парз.

Последние новости