www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Аалымдар кеңеши аялдарга хижаб, кара түстөгү жана денеге жабышкан кийимдерди кийбөөнү сунуштаган фатва кабыл алды.
Документке ылайык, аялдардын салттуу кийими жоолук, көйнөк жана кең шымдан турушу керек. Уламалар кара түс исламда милдеттүү эмес экенин жана ал Тажикстандын улуттук салтына туура келбей турганын белгилешти.
Фатвада жарандар улуттук жана диний баалуулуктарды сактап, бөтөн маданиятты чагылдырган кийимдерден алыс болууга чакырылган. Буга чейин президент Эмомали Рахмон да улуттук салтка жат кийимдерге каршы мыйзамга кол койгон.