www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда биринчи жолу көкүрөк аортасынын аневризмасы бар бейтапка стент-графт орнотуу боюнча операция жасалды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Операция Республикалык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда 65 жаштагы Өзбекстандын жаранына жасалган. Бейтап медициналык борборго демигүү жана кан басымынын жогорулашы менен кайрылган.

Дарыгерлер операцияны жалпы наркозсуз жана ачык кесүү жасабастан өткөрүшкөн. Стент-графт оң буттагы кан тамыр аркылуу аортанын жабыркаган бөлүгүнө жеткирилип, жасалма кан тамыр орнотулган.

Министрликтин маалыматына караганда, операция ийгиликтүү өтүп, кан кетүү жана башка татаалдашуулар катталган эмес. Учурда бейтаптын абалы жакшы, ал өз алдынча басып жүрөт.

Дарыгерлер аортанын аневризмасы жарылып кетүү коркунучу менен кооптуу экенин белгилешти. Мындай учурда адамдын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралышы мүмкүн.

Буга чейин Тажикстанда аортанын башка бөлүктөрүнө ушундай кийлигишүүлөр чет өлкөлүк адистердин катышуусунда жасалып келген. Ал эми көкүрөк аортасына операцияны тажикстандык дарыгерлер биринчи жолу өз алдынча жүргүзүштү.

Последние новости