www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына депутат Тазабек Икрамов шайланды.
Бул кызматка эки талапкер сунушталган. Депутаттар жашыруун добуш берип, биринчи талапкер "Бир Бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров 31 добуш алды. Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Тазабек Икрамов 73 добушка ээ болуп комитеттин жетекчилигине бекитилди.
Буга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетти Исхак пирматов жетектеп келген. Ал 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Андан кийин "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга айыпталып эки айга камалган.
Булак: NazarNews.kg