www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элинин белгилүү актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу Канат Эшимбеков апасы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Анын айтымында, апасы өтө боорукер, шайыр жана балдарын өзгөчө жакшы көргөн адам болгон.
Ал бош убактысында үй-бүлөсүнө көңүл буруп, лагман, манты жана бешбармак сыяктуу улуттук тамактарды өзү даярдачу.
Канат Эшимбеков бала чагы театр жана кино чөйрөсүндө өткөнүн айтып, өзү да «Уркуя» жана «Сүйүү жаңырыгы» тасмаларында роль жаратканын белгиледи.
Ал ошондой эле ата-энеси тогуз жылдай бирге жашап, кийин ажырашканын, ал эми Таттыбүбү Турсунбаеванын оорудан улам күтүүсүз дүйнөдөн кайтканын эскерди.
Анын айтымында, апасынын өлүмү боюнча айтылган ар кандай ушак-айыңдарга ишенбейт жана аны эл сүйгөн улуу актриса катары эстеп жүрүүнү туура көрөт.
Канат Эшимбеков учурда бизнес менен алектенерин айтып, балдарына чоң энеси тууралуу дайыма айтып берерин кошумчалады.
«Апам тартылган тасмаларды жалгыз көрөм.
Экрандан көрсөм эле көзүмө жаш келет», — деди ал.