www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарында «Экспорттук акселерация» программасынын алкагында кыргызстандык текстиль жана тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн үч күндүк бизнес-миссиясы өтүүдө.

Иш-чара 19–21-июль күндөрүнө пландалган.

Бизнес-миссияны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү, «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору жана Текстилди өнүктүрүү борбору уюштурду.

Иш-чарага экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар болгон 35тен ашык текстиль жана тигүү ишканасынан 52 өкүл катышууда.

Негизги максат — Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдеп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өзбек рыногуна чыгышына көмөктөшүү.

Бизнес-миссиянын алкагында делегация даяр кийим өндүрүүчүлөрдү бириктирген TFT Expo 2026 B2B эл аралык көргөзмөсүнө катышып, тармактагы жаңы тенденциялар менен таанышты жана потенциалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ошондой эле катышуучулар Өзбекстандын ири маркетплейстеринин бири Uzum Market компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Анда кыргыз продукциясын онлайн-платформа аркылуу сатуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан сырткары, төрт кыргызстандык ишкерге Өзбекстанда юридикалык жак катары катталууга көмөк көрсөтүлдү.

Бул аларга өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүп, Uzum Market аркылуу өз продукциясын сатууга шарт түзөт.

Программанын алкагында делегациянын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстандын ири текстиль ишканалары — Uz Tex жана Indigo Garments фабрикаларына да барышты.

Последние новости