www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыланып жаткан жеринен Камчыбек Ташиев Германиядан шашылыш учуп келатканы жарыяланып, көпчүлүк катмардын бүйүрүн кызытып койгон. Келгенден кийин пресс-конференция берери айтылып, бирок тынчып калды.

Калың катмар дагы эле Ташиевдин билдирүүсүн күтүп атышат. Эмнегедир жымжырттык өкүм сүрүүдө. Учурда ар кандай божомолдор жорто баштады.

Айрым билермандар Камчыке азырынча унчукпай туруп, качан гана президенттик шайлоого старт берилгенде чыгарын, оппозициялык талапкерге айланарын айтышууда. “Ага чейин саясый рейтинги түшүп кетпейби? “Канат-куйругу кыркылып”, кысымга алынсачы?” дегендер да бар. Айтмакчы, бир тууган жээни Ысык-Ата районунун прокурорлугунан алыныптыр.

Жакындарына, командасына карата чабуулдар дагы күчөйбү? Анан калса, соцтармакта Ташиевге сынпикир айткан, каралаган, төө бастыга алууга киришкен блогер, фейктер көбөйүп баратат. Ар тарабынан атакага алуу курчуйбу? Оомал-төкмөл заманаң ушундай тура. Кечээ эле баары “кыңк” эте алышпай шүк отурушкан...

Булак: Арыба.кж

Последние новости