www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, "Томми молл" соода борбору Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин маалымдады.
Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту" мамлекетке алып, Соцфондго бекитип берүү чечими адилеттүү болгонун айтты.
"Мен мурда кетирген каталарым үчүн жоопкерчиликти мойнума алам жана муну адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө кошкон салымым катары карайм. Бүгүнкү күндө объект иштеп жатат, ал эми ижара акысынан түшкөн киреше Социалдык фондго түшүп, пенсионерлерибизге чыныгы колдоо көрсөтүп жатат", - деп жазды Абдыкеримов.
Ишкер ошол эле учурда кызынын атынан аталган "Томми молл" соода борборуна тынчсызданып жатканын билдирди.
"Мага жеткен маалыматтар боюнча, бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткен", - деди Абдыкеримов.
Президенттен аталган объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ар тараптуу, калыс жана ачык-айкын иликтеп, укуктук баа берүүнү тапшыруусун өтүндү жана кандай гана чечим болбосун, кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Ал эми, Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Фейсбук баракчасында Абдыкеримовдун билдирүүсүн четке какты.
Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады.
"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр. Мен баса белгилеп айтар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек", - деп жазды Таймурас Ташиев.
Ал ошондой эле шек саноо жана ишенбөөчүлүк болбосу үчүн тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгууну сунуштады.
"Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек", - деди Ташиевдин уулу.