www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарына байланыштуу кылмыш иштери тергелип бүтүп, иш Биринчи Май райондук сотунда жабык режимде каралары тууралуу маалыматтар тарады. Бул кабар коомчулукта ар түрдүү талкууларга себеп болууда.
Коомчулукта соттун мүмкүн болгон чечиминин саясий кесепеттери, анын ичинде шайлоого катышуу укугуна таасири тууралуу да суроолор көтөрүлүүдө.
Айрым маалымат булактарынын билдиришинче, Ташиевге соттук процесстин жыйынтыгында шарттуу жаза же айып пул салуу ыктымалдыгы айтылгандыгын Арыба. кж сайты жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев боюнча соттук иштин жабык өтөрү анын жактоочусу Икрамидин Айткулов тарабынан билдирилген.
Ошондой эле, айрым маалыматтарда Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Президенттин жарлыгы менен кызматтан алынганы айтылат.
Окуя боюнча расмий органдар тарабынан кошумча маалымат бериле элек.