www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында алты үй бүлө үчүн курулган турак жайлардын ачкычтарын жана документтерин тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой аталган турак жайдын ээлеринин буга чейинки жашаган үйлөрү темир жолго жакын жайгашкандыктан (дээрлик 2 метр) кооптуу жана жашоого ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен аларды башка жака көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы турак үйлөр салынып берилген. 

Шаардын коопсуз аймагына салынган заманбап үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык тиричилик жабдыктары менен камсыздалган. 

Генерал-полковник К.Ташиев аталган 6 үй бүлөнү жаңы турак жайлары менен куттуктады.

Өз кезегинде жаңы үйлөрдүн ээлери өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Последние новости