www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарифтерди жогорулатууга бир жылга тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров ”Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө“ жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мөөнөткө мораторий киргизилет.

Бул чечимдин негизги максаттары төмөнкүлөр:

Жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;

Үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоо;

Калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөө жана аялуу катмарларды колдоо.

Жарлык күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар жогоруда аталган төлөмдөрдүн баасын көтөрө алышпайт.

Өзгөчө жагдайлар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык мааниге ээ тармактардын жана критикалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, ошондой эле КР эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана каралат.

Последние новости