www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу турак жайдан аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Иш-чарада аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири экени белгиленди.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайлардан Каракол шаарында жана Кара-Суу районунда да аскер кызматчыларына батирлер берилген.