www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо милициясы баңгизат менен алектенген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 29-ноябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин Криминалдык милиция кызматына Тогуз-Торо районунун тургуну “Н” аттуу жаран жыты “Кара куурайга” окшогон баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча маалымат 2020-жылдын 29-ноябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жыйынтыгында шек жараткан жаран Тогуз-Торо районунун тургуну 1988-жылы туулган Ч.Н. экендиги аныкталып, 2 (эки) даана тоголок формада, өзгөчө кескин жытка ээ болгон күрөң түстөгү баңгизатын жанында алып кетип жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал тоолордон баңгизат камтыган чөптөрдү терип келип, үйүндө майдалап, андан чыккан пырындыны атайын жасалган темир идишке салып пресстеп, андан тоголок формага ээ болгон баңгизатын даярдап жүргөндүгү жана алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык 23,8 грамм салмактагы “каннабистин смоласы (гишиш)” банги заты экендиги аныкталган.

Өзүнүн кыймыл аракети менен Ч.Н. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 268-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы боюнча шектүү экендигине негиз берген жетиштүү далилдер чогулган. Анын баш коргоо чарасы Тогуз-Торо райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып, Тогуз-Торо РИИБдин УКЖга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости