www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Владимир Путиндин иштеп жаткан жерин жашырып жатат. Себеби Сочи шаарында Владимир Путинге Москва шаарындагы резиденциясындагыдай иш бөлмө куруп беришкен. Россиянын президенти соңку айларда Сочиде иштеп жатканы менен Кремль Путиндин Москвада экенин айтып жатат. Бул тууралуу журналисттик иликтөөлөр менен алектенген «Проект» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Сочидеги «Бочаров ручей» резиденциясында Путиндин Москвадагы «Ново-Огарево» резиденциясындагы иш бөлмөсүнө окшош кабинет курулган. Путин ошол Сочидеги кабинетинде иштеп, бирок администрациясы аны Москвада деп ишендирип жатат.

«Проект» жазгандай, 3-ноябрда Путин Санкт-Петербург шаарына барган. «Flightradar24» сервисиндеги маалыматка ылайык, Путинди ташый турган RSD 143 номурлуу «Россия» учагы жана аны коштоп жүрүүчү дагы бир учак ошол күнү Сочи шаарынан учуп чыгышкан. А бирок Кремлдин расмий сайтындагы маалымат боюнча, Путин ага чейин «Ново-Огорево» резиденциясында иштеген. Теориялык жактан Путин Москва—Сочи—Петербург маршруту менен учуп барды деп ойлосо болот. Бирок «Flightradar24» сервисинде мындай маршрут катталган эмес.

карта

Кремлдин расмий сайтындагы маалымат боюнча, Путин 21-октябрдан 2-ноябрга чейин Москвадагы резиденциясында иштеген. 29-октябрда ал «ВТБ» банкынын жетекчиси Андрей Костин менен жолугушкан. Алгач Путин Костинди иш бөлмөсүндө кабыл алып, ошол жактан экөө аралыктан инвестициялык форумга катышышкан.

Андан кийин кайра бетме-бет сүйлөшүшкөн. Эмне үчүн Костин башка чиновниктердей эле алгач форумга катышып, андан кийин Путиндин Москванын четиндеги резиденциясына барган эмес?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости