www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылдын 11-майында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Билим берүү боюнча облустук Коомдук кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу малыматты КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
Жыйынга Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Нарын шаарынын вице-мэри, облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, Нарын мамлекеттик университетинин ректору, проректору, коомдук кеңештин мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде 3 маселе каралып, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө, билим сапатын жогорулатуудагы айрым маселелер боюнча маалыматтар берилди жана Коомдук кеңештин комитет жетекчилеринин презентациялары болду.
Облус башчысы Аманбай Кайыповдун демилгеси менен март айында уюштурулган Билим берүү боюнча облустук коомдук кеңешмеси 2-жолу отурумун өттү. Кыска убакыттын ичинде Коомдук кеңештин Жобосу, курамы жана 2017-жылга иш планы бекитилип, 5 комитет түзүлгөн. Комитет төрагалары отурумда аткарган иштерин презентациялашты. Маалыматка ылайык, мугалимердин алдынкы тажрыйбаларын жайылтуу жана методикалык жардам берүү максатында май айында Коомдук кеңештин «Билим нуру» гезитинин 1-саны жарык көрдү. Аны менен катар мугалимдерге усулдук колдонмо чыгарылды. Ошондой эле, Билим берүү жана илимди өнүктүрүү жана колдоо боюнча Көкөбай Мамбеталиев жана Апыш Койчуманов атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун алдыдагы иш аракеттери боюнча маалымат берилди.
Коомдук кеңештин негизги максаты - облустун аймагындагы билим берүү тармагындагы орчундуу маселелерди талкуулоо, түзүлгөн кырдаалга баа берүү жана чечүүгө тиешелүү болгон тармактардын жетекчилеринин көңүлүн буруу, көйгөйлөрдү алдын алуу жана оперативдүү чечүүнү жөнгө салуу жөнгө салуу болуп эсептелет.
Булак: NazarNews.kg