www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын алдындагы фонтандарды оңдоп-түзөп жаткан “Тазалыктын” кызматкерлерине көзүбүз түшүп, алар колдонгон автобусту көргөндөн кийин NazarNews.kg алардан бул унаасы боюнча суроону чечтик.

Айдоочунун айтымында, бул атайын унаа 40 жылдан бери “Тазалык” муниципалитетинде кызмат өтөп жатат. Эскилиги жеткен бул унаанын үстүндө тешик бар, андан жаан-чачын болгон күндөрү тамчы тамат. Ошондуктан, үстүндөгү сууну ичке агызбоо максатында аны скотчтоп да коюшкандыгын көрүүгө болот.

Ал эми отургучтары...

  Кызматкерлердин айтуусуна караганда сөйөнгүчтөрдү таштандыдан таап алып, жууп, кагып колдонуп жатышат. Аты-жөнүн анонимдүү калтырган кызматкер менен маектештик:

--Жумушта кечке жүрүп, белдерибиз уюп калат. Ошондуктан, бир аз болсо да эс алуу максатында бул буюмдарды пайдаланып жатабыз.

--Бул унаа эскилиги жеткен турбайбы, бат-баттан бузулса керек ээ?

--Ооба, иштегенине 40 жылга ооп калды да. Бузулуп калат, унаа иштебей калганда тиешелүү жерге телефон аркылуу байланышабыз, алар унааны сүйрүп кетишет. Оңдоп-түзөө иштерине айына 1 500 сомдой бөлүнүп калат. Унаанын жетишпеген тетиктерин өзүбүз албайбыз, башка  кызматкерлер алып беришет. Алар бул унааны түшүнбөгөндүктөн, кээде туура эмес, тетикттерди алып келип беришет.

Аларга айтып, тетиктерге акча сурап, күтүп жумушсуз отургандын ордуна өз каражатыбызга тетик алып, ишетегенибиз оң. Анткени бул унаа бузулуп туруп калса, бизге жумуш кайдан?

--Айлык маянаңыздардын суммасы канча?

--Биз саатына карап иштейбиз. Ар кандай болуп калат. Мисалы, азыр фонтандардан суу чыгарганга даярдап жүрөбүз. Иштеген убакытыбызга карап айлык алабыз. Жаңы унаа алсак жакшы болмок, мунун абалын көрүп турасыңар да,-дейт "Тазалыктын" кызматкери.

 

     

   

ХХI кылымда ушундай абалдагы автоунаалар бар экендиги өтө кызык. Мындай кырдаалды көрүп, мэроиянын бюджети ушунчалык азбы деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат тура...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости