www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылынын аймагында жайгашкан №1 абагын текшерүү учурунда героин баштаган баңгизаттар, ичимдиктерден тарта бычак жана башка колдонууга тыюу салынган бир топ буюмдар чыккан. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлады.




Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылынын аймагында жайгашкан №1 абагын текшерүү учурунда героин баштаган баңгизаттар, ичимдиктерден тарта бычак жана башка колдонууга тыюу салынган бир топ буюмдар чыккан.
Маалыматта бул иштердин кечээ, 10-декабрда, жасалганы айтылган.
"№1 мекемеде пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 кг. баңгизат (героин, кара куурай, марихуана) жана ар кандай үлгүдөгү уюлдук 24 телефон табылган. Андан сырткары 63 даана тешүүчү, кесүүчү буюмдар, 3,5 литр ичимдик, колго жасалган 275,5 литр маш жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар чыккан", — деп билдирди.
Факты боюнча Жаза аткаруу кызматы тийиштүү тергөө жана башка текшерүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg