www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин  эксперттери Web of Science  платформасын пайдалануу боюнча  окутуу семинарын  уюштурду.

2018-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Clarivate Analytics компаниясы (буга чейин - Thomson Reuters компаниясынын Интеллектуалдык менчик жана илим изилдөө бөлүгү)  жаңы 2018-жылга кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Кол коюлган кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайлары жана илимий уюмдары  эл аралык Web of Science  наукометрикалык платформасынын  мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Кыргыз Республикасында 2017-жылдын январынан ноябрына чейин 33 жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдары Web of Science платформасына кошулушту, ал эми сурамдардын саны 14,239ду түздү (38% га жогорулады). 

2018-жылдын 1-2-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин эксперттери менен биргелешип, бул платформаны пайдалануу боюнча окутуу семинары уюштурулду. Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдыманнап Аттокурович Муратов жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Себахаттин Балжы куттуктоо сөзү менен кайрылышты. Семинарга жогорку окуу жайларынын  жана илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Программа Web of Science Core Collection маалымат базасы, Journal Citation Reports отчеттору, EndNote online и ResearcherlD маалыматтар каражаттары боюнча теориялык жана практикалык окууларды камтыды.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга  күбөлүк берилди.

Катышуучулар Web of Science платформасы менен кантип иштөө керектиги  жөнүндө маалымат бере алышат. Ошондой эле конкреттүү маселелер боюнча, макалаларды жарыялоо үчүн журналдарды тандап алууга, изилдөөнүн тиешелүү багыттарын аныктоо, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана каржылоо булактары тууралуу кенештерди бере алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости