www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тоого асма жол курууга жана ашыкча курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбей турганын билдирди.

Музей-комплекстин маалыматына караганда, «Сулайман-Тоо» 2009-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине «Ыйык тоо» номинациясы менен киргизилген Кыргызстандагы алгачкы объект болуп саналат.

Объект «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам менен корголот. Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын көзөмөлүндө.

«Мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат», — деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу Сулайман-Тоо аймагында аркан жол (канатная дорога) курууга да жол берилбейт.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча сунуш киргизүү мүмкүн экенин билдирген.

Последние новости