www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде нарктуулуктун жандуу этолону болгон, нарктуулугунан бир да киши шек санабаган, аны эне дегендер өз энесиндей сүйгөн, эже дегендер өз эжесиндей барктаган бир гана улгайган киши бар, бир гана, ал - Роза Айтматова эже. Мына ушул кишинин нарктуулугу жөнүндө китептер жазса болот. Мындай пикирин Профессор Сулайман Кайыпов өзүнүн баракчасына жазды.

"Роза Айтматова эженин ким экенин билебизби? Биле элекпиз!

Президентибиз Садыр Нургожоевичтин "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча 2022-2027-жылдар үчүн Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа түзүлүп, анын долбоору кеңири болбосо да, белгилүү чөйрөлөрдө талкууланып жатыптыр. Кечээ журналист Чынара Итигулова Кыргыз радиосунун “Ой-талкуу” программасына профессор Сулайман Рыпаевди, акын Бүбайша Арстанбекованы жана мени чакырып талкуу уюштурду. Ошондон бери санаам санга бөлүнүп туру.

Чынын айтайын, мен программанын долбоору менен ошол жерде тааныштым. Мен өлкөбүздө, дүйнөдө болуп жаткан күндөлүк жаңылыктардан кабардар болуп турууну адат кылып алган кишимин. Бейкапар жүргөн бирөө эмесмин. Ары оодарып, бери оодарып карасам, ал долбоордун текстине электрондук талаанын эч бир жеринен оропара келбептирмин.

Долбоор деген долбоор эмеспи, кыйла кызык ойлор, сунуштар камтылганына карабай, көп жери кайрадан иштелиши керек экен. Бул өзүнчө узак сөз. Менин бул жерде айтайын дегеним таптакыр башка. Бул оюмду ошол талкууда да айттым, бирок ушул жерден сиздер менен да бөлүшүп коюуну туура көрдүм, урматтуу фейсбуктагы досторум, туугандарым.

Талкууланып жаткан Программанын максаттарынын бири коомубуздагы, мамлекетибиздеги нарктуулукка ээ адам жана башка нерселердин баарын таап чыгып, аларды коомго өрнөк катары көрсөтүшүбүз керек экен. Мына ушуга байланыштуу менде бир өзгөчө пикир бар. Адегенде, башканы коюп, нарктуу адамдарыбызды таанып, алардын баркына жеткенди үйрөнүшүбүз керек да!

Бизде нарктуулуктун жандуу этолону болгон, нарктуулугунан бир да киши шек санабаган, аны эне дегендер өз энесиндей сүйгөн, эже дегендер өз эжесиндей барктаган бир гана улгайган киши бар, бир гана, ал - РОЗА АЙТМАТОВА эже. Мына ушул кишинин нарктуулугу жөнүндө китептер жазса болот. Мына ушул кишиге "Нарктуу эне" дейбизби, же башка бирдеме дейбизби, эмне десек да, бир ылайыктуу номинация ыйгарып туруп, урматтуу Президентибиз эжебизге атайын стипендия чегерип койсо, эң туура болмок. Мындай киши өлкөбүздө бирөө эле! Башка жок! Кыргыздын нарктуу аялынын, байбичесинин, энесинин символу – Роза эже. Эч апырткан жокмун, тескерисинче, жеткире айта албай жатам.

Роза эже абдан жакшы улгайды. “Мына, кыргыз энесинин эталону ушул киши” деп көрсөтө турган даражада жакшы улгайды. Мындай жакшы улгаюу ар бир эле кишиге насип боло бербейт. Ушул эжебиз ушундай сапаттары менен жетер-жетпес пенсиясын үлөштүрүп жашап журсө, биздин биз экенибиз кайсы да, нарктуулук жөнүндө кеп кылымыш болгонубуз кайсы!

Роза эже – эң жогорку мартабага ылайыктуу киши. Ал – кыргыз энесинин этолону катары чоң жыйындарга, курултайларга, жолугушууларга да чакырылып, эң сыйлуу, көрүнөө жерге отургузула турган нарктуу инсан. Кыргыз энесинин жүзү кандай нурдуу болорун башкалар да көрсүн. Нарктуулуктун эмне экенин билбегендер ошондо гана билишет. Айтар сөз көп... Туура айкан болсом, туура деп койгула, туугандар, достор. Айтайын дегеним, азырынча ушул. Сөзүм узарып кетти, кечиргиле. Бул сапар колдооңорго өзгөчө муктажмын. Туураны туура дегенге үйрөнөлү!

Көптөн көп суранаарым, бу да нарктуу, тиги да нарктуу деп көрүнгөндүн атын жамыратып жаза бербегиле! Роза эже жөнүндө жазгыла. Көбүн айтпай бирин айткыла, чөбүн айтпай гүлүн айткыла! Өтүнүч!", - деп билдирүү калтырган Сулайман Кайыпов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости