www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыска аралыкта президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун былык иштери тар чөйрөдө талкуу жаратып, бийликти артка тартып атканы айтылууда. Кадр саясатына ыксыз кийлигишип, көлдүк жердештерин, тууган-урук, жээк-жааттарын бүтүндөй баардык системага тыгып атканы кандай? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Анын сыңарындай, Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик деңгээлдеги пайдалуу иштерди жасагандын ордуна, кызмат, байлык кумарына кирип кеткени эмне менен аяктайт?
Өкүнүчтөр алдыда! Биздеги баардык президенттерди аппарат башчылары, айланасындагы аткошчулары бузуп келгенин эске алсак, эмесе, кеч боло электе Садыр Жапаров туура баа берүүгө, арканды алыс ыргытууга камылга көрүшү керек.
Эң башкысы, Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна профессионал, мамлекетчил кадр дайындалбаса, эртең кырдыбычак абал жаралбайбы? Убакыт күтпөйт, тездеш керек! “Жандооч кийик аттырат” дечү эле...
Булак: Азия News гезити