www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында 24-мартта Кыргыз кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Стамбулдагы башкы консулдугунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргзстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чын\ңгыз Токтобеков, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын директорунун орун басары Мухаммет Фарук Байрам, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле кыргызстандык жана түркиялык кино ишмерлер, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.
Ачылыш аземинде Чыңгыз Токтобеков сөз сүйлөп, Кыргыз кино күндөрүнүн негизги максаттарынын бири кыргыз маданиятын жана кинематографиясын түркиялык көрүүчүлөргө таанытуу, ошондой эле Стамбулдагы мекендештерди бириктирүү экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар чет өлкөдөгү жарандардын өз ара байланышын бекемдеп, алардын мекен менен болгон руханий байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кечени Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен келген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков жана жаш талант Нурдөөлөт Деркембаев коштоп, катышуучуларга ыр майрам тартуулады.
Кино күндөрүнүн алгачкы күнүндө Стамбул шаарынын көрүүчүлөрүнө режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” көркөм тасмасы сунушталды.
Аталган тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылып, анда килем токуучу баткендик Турдугүл аттуу келиндин тагдыры баяндалат. Фильмде сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулук, миграция маселелери жана чек ара аймактарындагы көйгөйлөр чагылдырылган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта кино күндөрүнүн алкагында Дастан Жапар уулунун “Качкын” тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми 26-мартта режиссёр Руслан Акундун “Бейиш 2” тасмасы менен Кыргыз кино күндөрү жыйынтыкталат.
Эске салсак, Стамбулда өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.