www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылга карата кыргыз-тажик чек арасын инженердик тосуу иштерин улантуу маселеси каралды. Бул багытта Баткен облусунун аймагындагы бардык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тосуу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө көмөктөшүү тапшырмасы берилди. Жетекчилер чек араны бекемдөө иштерин биргеликте жана жогорку жоопкерчилик менен улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Баткен облусунда чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы жалпы 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.Мындан сырткары 70чакырым Ош облусунун Тажикстан менен чек ара аймагы тосулат.Жалпы кыргыз-тажик чек арасынын 420чакырымын тосуу мерчемделген.

Жыйында аткезчиликке каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, мыйзамсыз аракеттерге каршы катуу чараларды көрүү, тобокелдиги жогору аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, зым тосмолорго зыян келтирилген учурлардын алдын алуу, орнотулган тосмо зымдарды сактоо маселелери талкууланды . 

Эл аралык кырдаал, анын ичинде Афганистан жана Пакистан багытындагы жагдайларды эске алып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости