www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022–2025-жылдары «Социалдык контракт» программасы Кыргызстанда 48 миңден ашык үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн жигердүү кадамдарды жасоого, турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашып жатат.

Программа 2022-жылдан тартып иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болуу үчүн шарттарды түзүү.

2022–2025-жылдар аралыгында жалпы 48 557 социалдык контракт түзүлгөн. Прогорамманын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында (73,3%) ишке ашырылып, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында жүргүзүлгөн.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, программанын катышуучуларынын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Демилгенин алкагында 57 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшыртылууда. Ал эми алгачкылардан болуп колдоо алган айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.

2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын өлчөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

2026-жылы 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалууда. Бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган. 2026-жылдын 1-мартына карата 607 социалдык контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тартып бизнес жүргүзүүнү өнүктүрүүгө багытталган пайызсыз кредит бериле баштады. Программанын катышуучулары мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө кредит ала алышат. Пайызсыз кредит алуу үчүн негизги талап — ишкердик жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (ЖЧК, жеке ишкер же патент) болушу. Бул өз кезегинде бизнес-долбоорлорду салык органдарында расмий каттоого өбөлгө түзөт.

2024–2025-жылдары мындай кредиттерди 1 200дөн ашык ийгиликтүү катышуучу пайдаланды. «Социалдык контракт» программасынын алкагында республика боюнча 1 329 чакан ишкана ачылып, анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталып, 1 143ү патент менен иш алып барууда, ал эми 4ү жоопкерчилиги чектелген коом формасында иштейт.

Последние новости