www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-сентябрда, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан жактоочу С.Слесаревдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 20-августундагы айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү токтомуна келтирилген апелляциялык даттануусу каралды.

Мындан тышкары, жактоочу С.Слесаревдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 20-августундагы айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин кызыкчылыгын жактаган жактоочу С.Слесаревдин Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматынын тергөө тобунун тергөөчүсүнүн экс-президент А.Ш.Атамбаевди кармоо жөнүндөгү чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табуу жөнүндөгү токтомуна келтирилген апелляциялык даттануусу каралды.

Иштер Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын УКМКнын имаратында каралды.

2019-жылдын 4-сентябрындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик бузуулар боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 20-августундагы токтому жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын 2019-жылдын 20-августундагы токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

Ал эми жактоочу С.Слесаревдин апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости