www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону өлкө Президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмат билдирди.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.

Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости