www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 24-декабрында Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугун алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Сокулук районунун айыл аймактарындагы борбордук базарларда, ири соода борборлорунда жана менчик дүкөндөрдө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты — ар кандай кырсыктарды жана өрт кырсыктарын алдын алуу. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, кызматкерлер пиротехникалык жарылуучу каражаттардын мөөнөттөрүн жана сатууга уруксат берүүчү документтерин текшеришти. Андан соң пиротехникалык каражаттарды туура сактоо жана колдонуу эрежелери боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, объектилерде өрт өчүрүүчү каражаттардын жана авариялык чыгуу жолдорунун абалы текшерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге өрт коопсуздугу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча нускамалар берилди. Жарандарга кандай гана кырдаал жаралбасын, 102 кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу зарылдыгы эскертилди.
Бул алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун бардык аймактарында улантылууда.