www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Израилге жооп иретинде сокку урду, деп билдирет Ирандын «IRNA» мамлекеттик маалымат агенттиги.

Агенттик жүздөгөн баллистикалык ракета Израилге карай атылганын билдирди.

«Reuters» жана «AFP» агенттиктери Тель-Авив менен Иерусалимдин үстүндө жарылуулар болгонун жазышты.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Ирандын «IRIB» телеканалынын эфиринде:

«Алар бизге сокку урду, ушуну менен бүтөт деп ойлобосун. Согушту алар баштады. Иранга каршы мыкаачылыктары үчүн биз алардын тирүү калышына жол бербейбиз», - деп билдирди.

Бул сокку 13-июнда түнү башталган "Арстандар улуту" деп аталган масштабдуу израилдик операцияга жооп болду. Израилдин аба күчтөрү Ирандын аймагындагы жүздөй объектке соки урган. Натыйжада Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири Хосейн Салами, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери, ошондой эле ядролук тармакта иштеген алдыңкы окумуштуулар каза болду.

Последние новости