www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 10-сентябрдагы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүүнү сунуштады. Буга байланыштуу тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырма берилиши керектигин айтты.
Үсөн Сыдыков 2021-жылы 28-июлда 78 жаш курагында каза болгон.
Ал 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчи кызматтарын аркалаган.
Сыдыков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болгон.
2010-жылдын 14-майында ал өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган.
Анын айрыкча Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушундагы иш-аракеттери тууралуу коомчулукта бир кылка пикир жок.
Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков парламенттин азыркы чакырылышынын депутаты жана бийликчил "Ата-Журт" фракциясынын лидери.