www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында балдардын коопсуздугун камсыздоо багытында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан түнкү рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы 3 компьютердик клуб жана 2 бильярд ойноочу жай текшерилди. Текшерүүнүн алкагында окуучуларга жана жаш өспүрүмдөргө милиция кызматкерлери тарабынан топтошуп мушташуунун, өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын, ошондой эле жаш өспүрүм кыздарга карата орун алып жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары жаш өспүрүмдөргө коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү, мыйзам талаптарын сактоо жана коопсуздук эрежелерин кармануу боюнча эскертүүлөр берилди. 

Последние новости