www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынганы менен, азыркыга чейин ал жакка этап менен жеткириле элек.
ИИМдин маалыматына ылайык, учурда Ташиевге карата тергөө амалдары уланып жаткандыктан, ал убактылуу Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында (ИВС) кармалууда.
Эске салсак, Шаирбек Ташиев 1-апрелде «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашат. ИИМ бул чыгым толугу менен мамлекетке өндүрүлөрүн билдирген.