www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуу бизге Кытайдын төрагасы мырза Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына жасай турган мамлекеттик сапарына жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуусуна даярдык иштерин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет», — деди Кулубаев.

Жолугушуу өткөн жуманын аягында Чолпон-Ата шаарында өттү. Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Кулубаевдин айтымында, акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделип, туруктуу өнүгүү багытын көрсөтүп келет.

Белгилей кетсек, ШКУнун мамлекет башчылары катыша турган саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт.

Последние новости