www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов учурдагы абал тууралуу орчундуу билдирүү жазып чыкты. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Хан сарайда буканын этине тоюшуп, элди көзүнө илбей, эки ай эдиреңдешкен жугундукорлордун: "Атамбаев менен Жээнбеков дос" деген сөздөрүн угуп таң калам. Ал эми "Жээнбеков досун сатып кетти" деген пикирлерди окуп, ошондой сандырак сөздөрдү жазгандардын чын эле мээлери иштебейби деген ойго келем. Дос деген бул-абдан ыйык мамиле. Достукту эптеген адам күтөт.

- Атамбаев Жээнбековду мураскорум деп президент кылып койгондо, өзүнүн жон-терисинин камын жеп койгон да. Же эмне Жээнбековду жакшы көрүп коюптурбу? Жээнбеков жоош, былбыраган, менин айтканымдан чыкпайт деп коюп олтурбайбы? Дос ошондой болобу?

- Шайлоо өтөрү менен Атамбаев: "Жээнбековдун шайлоого чейин авторитети 3% эле, мен шайлоо учурунда 53%ке чыгарып койдум "дебеди беле, дос ошентип айтабы?

- Жээнбеков президент болуп олтурса, аны карай турган күзөт кызматкерлерин бүт өзүнүн үйүнө чакырып алып, өзүн кайтарткан досту дос деп айтабы?

- "Минскке барба, Назарбаев менен мамиле кылба" деп караөзгөйлүк мамиле жасаган адамды дос деп болобу?

- Эмне, Жээнбеков Атамбаевди согуш тааласында жарадар абалында таштап кетип, саткындык кылдыбы же ачарчылыкта өзү жеп, Атамбаевди ачка коюп, саттыбы? Эки дос ары-бери түрткүдөй Кыргызстан эмне Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы менчик бизнес компаниясыбы?

Болгону, Жээнбеков Атамбаевдин ууру жолу менен кеткиси келбеди. Ага адамдык намысы, ата-энесинен алган тарбиясы, ага ишенген бүткүл кыргыз элинин ишеничи жол койбоду. Дал ушул аракети үчүн анын кандай президент экенине карабай, Жээнбековду  биз сыйлашыбыз керек. Эч ким президент болуп туулбайт. Акыркы отуз жылда кандай гана президенттерди көрбөдүк. Салт боюнча таякты сайып койсо да баш ийишибиз керек. Эгер эле Атамбаевдей коррупционер ууруга алты жыл чыдаган болсок, анда Жээнбековду эрте күндө колдошубуз зарыл. Ал эми бул эки адам эч качан дос болушкан эмес, болушпайт дагы, себеби бири-бирине 180 градус карама-каршы адамдар.

Атамбаевге эч ким теңелген жок, артынан бычак сайган жок. Акаев да, Бакиев да, Жээнбеков да анын деңгээлине түшкүсү келишкен эмес. Өзү аттан түшсө да, ээр-токумдан түшкүсү келбей, бийликти кучактап, жаткысы келди. А түгүл 2010-жылы арам алышты бир жешкен тарапташтарын да аяган жок. Мына ушундан кийин кимди ким сатты деген ой ар бир “нормальный” адамдын башына келиш керек да. Ал өзү жасаган кылмышы, ач көздүгү, уурулугу, тырмагынан баштап чачынын учуна чейин коррупцияга малынгандыгы, кызмат абалын жекече өзүнө, үй-бүлөсүнө пайдалангандыгы үчүн камалды. Кылмышкер эч качан жазасыз калбайт, себеби Кудай көрүп турат.

Жугундукорлор, силер эми үмүтүңөрдү үзгүлө. Буканын этине тоюп, арактан ууртап, шар аккан суунун боюнда чардаган күндөр кайрылып келбейт, “то есть” туура сүйлөп, адам болгула демекчимин”, - деп жазган Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости