www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучусу Шамил Жалилов Алмазбек Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсүн төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Мен азыркы президентке жактоочу да каршы да эмесмин. Бирок калыс баа берсек мындай экен, Батукаевди президент башы менен качырган Атамбаевди күнөөсүн мойнуна коюп камагандыгы эң сонун болду. Шайлоого кайндай болуп келген күндө да коррупционер, чыккынчы дос сөрөйүн колдобой элдин талабын аткаргандыгына жакшы деген баа берсек болот. Ал эми аны Путиндин жеңиш парадына катыштырбай койгонун мен Атамбаевди эмнеге камадың дегендей эле түшүндүм. Анткени Атамбаев орустардын спецагенти болгон Батукаевди бошотуп берип чоң кызмат кылган. Батукаев болсо кыргыздын чыгаандарын жеген канкор агент болчу өзүңөр билгендей. Атамбаев бажы уюмуна Кыргызстанды мүчө кылып, эми оңолуп келе жаткан экономиканын таш талканын чыгарып, Россияга бизди биротоло кулчулукка байлап берди. Гүлдөп аткан экспортубуз, тигүү өндүрүшү төрөлбөй жатып өлдү Атамбаевдин айынан.
Эми Путин биздин президентибиз Сооронбай Жээнбековду же айтканына көндүрөм, же жоготом деп тиш кайрап турган кези. Аны кантип ишке ашырат? Эски эле ыкма менен. Трайбализм, орускулдар аркылуу. Орусиячыл дупналисттер, Атамбаевдин көзү жок баатыр фанаттары, акча үчүн атасын өлтүргөн ашкебилер аркылуу жаманатты кылып талкалоо планы», -деп жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости