www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Шамалдуу-Сай шаарындагы реконструкцияланган борбордук стадиондун ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземинде ал жаңы түзүлгөн «Шамалдуу-Сай» футбол клубунун тарбиялануучулары менен жолугушуп, команданын ишмердүүлүгүн баштоого жана алгачкы өнүгүүсүн колдоо максатында Министрлер Кабинетинин атынан 1 миллион сомдук сертификатты тапшырды.
Жаңы ачылган стадион эми клубдун негизги машыгуу жана оюн өткөрүү аянтчасы болот.
1961-жылы энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн курулган стадион 2023-жылдын декабрь айында толук реконструкциядан өткөрүлө баштаган.
Жалпы аянты 1,79 гектарды түзгөн спорт комплекси 1335 көрүүчүгө ылайыкташтырылып, заманбап футбол талаасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо жолдору жана спортчулар менен күйөрмандар үчүн керектүү инфраструктура менен жабдылган.
Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» футбол клубунун жаңы окуу-машыгуу базасынын абалы менен да таанышты.
Комплексте 30 орундуу мейманкана, машыгуу залы, конференц-зал, медициналык жана калыбына келтирүү бөлмөлөрү, ошондой эле заманбап машыгуу талаасы жайгашкан.
Жаңы спорттук объектилер Жалал-Абад облусунда спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту кеңири жайылтуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында пайдаланууга берилди.