www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акын, публицист Шайырбек Абдырахман социалдык тармактагы баракчасында коомдогу адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жана идеология маселелери боюнча пикирин билдирди.
“Идеология жок, насаат жок, нарк менен салтты жээриген, Манасты жомок деп чанган, аталардын акылын эстүүлүк менен жайылтпай, эл арасында арсыздарды көбөйткөн көңдөй заман келди!
Чоңдордун чөйрөсүндө күндө бирден ууру, паракор колго түшөт. Караламан элдин ичинде болсо күн алыс бирөө бирөөгө кол салып жатат, ызырынып, ыркырап жатат. Кыздарыбыз өтүгүн төргө илип, автобустун ичинде өнөр көрсөтөт. Килейген өгүздөй немелер аял, бала-чака дебей өкүрүп-бакырып, мушташам деп жулкунат. Ар ким ар нерсени сүйлөйт. “Акыл-эстүү бололу, бабалардын жолунда жүрөлү” дегенди азыр эч ким сүйбөйт. Айткандын оозу жаман!
Көпчүлүктүн эси-дарты акча, акча... Ал турмак динди да акча табууга иштетүүгө өттүк. Башына ак топу кийип алып, тооктун этин адал союп, бышырдык деп жарнамалайт бирөөлөр. “Динди сүйлөп баратып эле, кел биздин дүкөнгө”, — дейт дагы бирөө. Кудайды да соодагер кыла турган болдук.
Бир жагы антип жатса, бир жагы билимсиз... “Ооба” дегенди “Оа” деп жазган кокуйлар, сабатсыздар көбөйгөн заманда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, тамгаларды алмаштырып салалы дейт... Чакчелекей...
Борбор калаабыздын ичинде жүрүп болбойт... Көрүнгөн жерге салынган курулуш. Максатсыз, ирээтсиз, көркөмү жок, кунарсыз... Бозоргон, тыгылышкан, сыгылышкан үйлөр, аларды аралаган, арасына бир машине араң баткан жолдор... Английский квартал, Французский квартал – кварталдар көбөйдү... Алдыда “опасный” кварталдар көбөйөт...
Манас десең, Чыңгыз десең, Кыргыз десең түйшөлгөн аз... “Манас санасыңды, Чыңгыз пыңгызыңды жыйыштырчы” дегендер көбөйгөнү өкүнүчтүү...
Ушундай кейиштүү кезең келди... Идеология жок, нарк жок, жолдор тыгын, максат жок... Акча... акча... акча...” - дейт Шайырбек Абдрахман.