www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында өзүн түбөлүктүү хан сезип калган, мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Райымбек Матраимовду мыйзамсыз жумуштан алганы туура эмес болгон экен. Мындай пикирин атактуу бир нече жолку чемпион Шайлообек Атазов билдирди. 

"Азыр телефонду өчүрүп экзаменге кирип кеткен болчумун. Экзаменден чыксам телефонум звонок, смске толтура. Негизинен айылдан жөнөкөй элдер сүйүнүп жазыптыр. "РАИМБЕК УУЛУБУЗ АКТАЛДЫ" деп. Демек, бүгүнкү Райымбек Матраимовдун соттон акталышы бийликтин, соттордун чындыкка карап бет алганы деп ойлодум... Соттор азаматсынар! Өзүн хан сезип калган Сапар Исаковдун өз билемдик адилетсиз чечимин жокко чыгардыңар! Чын бул жерде ким кылмышкер экенин мыйзам аныкташы зарыл. Мен билгенден Раимбек Матраимовду жаштар, карапайым жөнөкөй адамдар жакшы көрүшөт. Ал профессионал мамлекеттик кызматчы. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген чын экен. Кудай билет кимдин ким экен! Чоң сот акыретте башталат. Негизсиз бирөөнү кылмышкер деп айтуу туура эмес. Раим Матраимов жакындан тааныш эмес, бирок профессионал жетекчи, менеджер катары жаштардын карапайым элдин арасында катары жогору экенин билем. Социалдык тармактарда бул киши боюнча, бири " жакшы болуптур", деп жазса, бири "ким кылмышкер же таза аны мыйзам аныкташ керек", деп ар кандай пикирлер жазылууда.. Кимди кааласа "заказ" берип, "тигини кызматтан алып кой", деп олтургудай эч ким бул дүйнөдө кудай эмес да. Мени мисалы 3 жыл мурун соттошту. Мен жогорку сотто акталдым. Демек чындык  бар. Ким коррупционер экенин ал Кудайдын алдында жооп берет. Мен үчүн Матраимовду кызматтан мыйзамсыз алганы кызыктырат. Кыскасы, акыркы убакта ким сотто акталып жатса баарына эле сүйүнө берем", деп жазат атактуу чемпион Шайлообек Атазов.

Белгилей кетсек бүгүн, 25-июлда Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды.

Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган эле. Жыйынтыгында Раимбек Матраимов Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну сотко өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости